Балдардын эл аралык фестивалы быйыл Бурсада болот

Таййаре маданият борборундагы программада Улуттук гимн ойнолушунан кийин “23-апрель балдар фестивалынын” торту кесилди.

952785
Балдардын эл аралык фестивалы быйыл Бурсада болот

Быйыл Бурсада өтө турган «ТРТнын эл аралык 23-апрель Балдар фестивалы” иш-чараларынын алкагында “Фотосүрөттөр менен 40 жыл” көргөзмөсү уюштурулду.

Таййаре маданият борборундагы программада Улуттук гимн ойнолушунан кийин “23-апрель балдар фестивалынын” торту кесилди.

Бурсанын губернатору Иззетин Күчүк, сөз сүйлөөсүндө Бурса калкынын 10 күн бою балдарды коноктой турганын айтты.

Губернатор Күчүк, фестивалдын Бурсада өткөрүлгөнүнө абдан кубангандарын белгилеп, буларга токтолду:  “Дүйнөнүн сулуу балдары, сиздерди бул жерде тосуп алганыбыз үчүн кубанычтабыз. Сиздерди Бурсада тосуп алганыбыз үчүн кандай бактылуу, кандай кубанычтуу экенибизди сөз менен түшүндүрө албайбыз. Сиздер ырас барсыздар, Бурсага ырас келдиңиздер. Бул жерде 10 күн болсуздар. Бири-биринен сонун элдик оюндар, музыка жана башка өнөрлөрүңүздөрдү тартуулайсыздар. 10 күн бою бул шаарды көрккө бөлөп, кубанычыңарды бөлүшөсүздөр. Бурсалыктар сиздерди бооруна кысат”.

Сөзүнүн артынан 23-апрель фестивалынын фотосүрөттөрүнөн турган “Фотосүрөттөр менен 40-жыл” көргөзмөсүнүн ачылышы жасалды.

Прогарммага ТРТнын башкы директорунун орун басары Зеки Чифтчи да катышты.



Тектеш кабарлар