Кино жана сериал тармагында улутташуубуз керек

Ибрахим Эрен «Тууганым үчүн Дера» тасмасынын бет ачары үчүн барган Сириянын Халеб облусуна караштуу Чобанбей районунда маалымат берди.

950319
Кино жана сериал тармагында улутташуубуз керек

Түркиянын радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, кино жана сериал тармагында улутташууга басым жасады.

Ибрахим Эрен «Тууганым үчүн Дера» тасмасынын бет ачары үчүн барган Сириянын Халеб облусуна караштуу Чобанбей районундагы маалымдоосунда абдан кеңири тарыхый өтмүшкө ээ болгон  өлкөнүн атуулдары экендиктерин айтты.

Бул тарыхтын болсо кеңири аянтка жайылган, тарыхый фактыларга ээ болгонун түшүндүргөн Эрен, бул тарыхты экранга чагылдыра турган иштерди жасоону каалагандарын баса белгиледи.

Түркиянын тарыхында көп сандаган чыныгы аңгеме бар экенине токтолгон Эрен: «Биз ушуларды экранда көргүбүз келет. Бир гана Осмон империясынын курулушу эмес, андан да мурдагысына жетип, миң, 2 миң жыл мурдагысына барып өзүбүздү түшүндүрүшүбүз керек»,-деди.

Дүйнөдө ээ болгон түшүнүк боюнча Түрк адамы жана аймактын адамы ээ болгон баалуулуктардын арасында абдан чоң айырма бар экенин белгилеген Эрен, бул баалуулуктарды ортого чыгарган чыгармаларды түзүүнү каалагандарын айтты.

Эрен: «Биз батыштын кылган иштеринин көчүрмөсүн эмес, өзүбүзгө таандык аңгемелерибизди тарыхыбыз менен бириктирип көрүүчүлөрдүн маңдайына чыгууну каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар