Сүрөт боюнча рекорд коюлду
11 миң бала, 11 миң сүрөт менен рекорддор китебине кирди.
Вандын душмандын басып алуусунан кутулушунун 100 жылдыгынан улам уюштурулган иш-чаранын алкагында, 100 мектепте 11 миң окуучу тарткан 11 миң сүрөт ачык асман алдындагы көргөзмөдө көрсөтүлүп, «Дүйнөлүк балдар рекорддор» китебине катталды.
Вандын губернаторлугу, Жүзүнчү жыл университети жана Облусттук билим берүү директорлугунун кызматташтыгы менен «Боштондук күнү» темалуу ачык асман алдында көргөзмө өткөрүлдү.
Шаардын жалпысындагы 100 мектепте 11 миң окуучуга таандык 11 миң сүрөт, 7 километрдик Искеле көчөсүндө көрсөтүлдү. Рекорд сыноосу, Дүйнөлүк балдар рекорддор өкүлү жана калыс делегациянын төрагасы профессор доктор Орхан Куралдын катышуусунда болду. Курал «Дүйнөлүк балдар рекорддору» документине кол коюп, Жүзүнчү жыл университетинин ректору проф. др. Реями Батталга тапшырды.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.