Муглага келген англиялык туристтер гүлдөр менен тосулуп алынды
Даламан аэропортунда туристтерди тосуп алуу аземи өткөрүлдү.
![Муглага келген англиялык туристтер гүлдөр менен тосулуп алынды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a0e4/cd2d/f39d/57fc9be465fc9.jpg?time=1718785977)
Мугланын Даламан районуна Англиядан келген туристтик топ ромашка гүлдөрү менен тосулуп алынды.
Даламан аэропортуна келген 220 кишилик топ үчүн тосуп алуу аземи өткөрүлдү.
Учактан түшкөн жүргүнчүлөргө ромашка гүлдөрүнөн жасалган таажы жана жасалгалар берилип, ар түрдүү даамдар ооз тийгизилди.
Даламан аэропортунун Башкаруу кеңешинин мүчөсү Хамди Гүвенч, сезонду жакшы баштагандарын айтты.
Ийгиликтүү сезон өткөрө тургандарына ишенгендерин билдирген Гүвенч: «Англиядан Даламан аймагына келүүлөр башталды. Мында Министрликтин эки жылдан бери жүргүзүп жаткан иш-аракеттеринин чоң таасири болду»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718785977)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718785977)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.