Алгачкы туристтер гүлдөр менен тосулду
Учактан түшөөрү менен гвоздикалар менен тосулган түрк жана немис жүргүнчүлөрдүн кубанычы көздөрүнөн байкалып турду.
![Алгачкы туристтер гүлдөр менен тосулду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e88f/40c2/b1cc/5ab74115272bb.jpg?time=1718866846)
Мугланын Бодрум районуна келген сезондун алгачкы турист тобун ташыган учак үчүн жол тилкеде суу кооздугу түзүлүп, келген жүргүнчүлөр гвоздика гүлдөр менен тосулду.
Учактан түшөөрү менен гвоздикалар менен тосулган түрк жана немис жүргүнчүлөрдүн кубанычы көздөрүнөн байкалып турду.
Миластын райондук акими Эрен Арслан, тосуп алуу аземинен кийин журналисттерге берген маалыматында быйыл сезонду өткөн жылдан дагы эрте ачкандарын айтты.
Быйылкы резервацияларда өсүү болгонуна көңүл бурган Арслан: «Резервацияларды караганыбызда 60 пайыздык өсүү көрүнүп турат. Бул бизди абдан кубандырды. Өткөн жылда болгону 100 каттам менен операция кылган фирманын быйыл 1000 каттам кыла турганын уктук. Бул бүтүндөй сезондун биз үчүн абдан жакшы өтө турганынын белгисин берет. Өлкөбүздүн туризм потенциясын бүткүл дүйнөгө абдан сонун түрдө сунуштайбыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718866846)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718866846)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.