Дүйнөлүк 8-Ислам форуму Стамбулда өтүп жатат
Форумда Ислам дүйнөсүндө биримдик темасы алдыңкы планга чыгууда.
![Дүйнөлүк 8-Ислам форуму Стамбулда өтүп жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f8b7/90eb/93a3/5a97d6db862d7.jpg?time=1718865646)
Ислам дүйнөсүнүн өнүккөн шарттарга кантип шайкеш келе турганы талкууланган Дүйнөлүк 8-Ислам форуму Стамбулда өтүп жатат.
Форумда Ислам дүйнөсүндө биримдик темасы алдыңкы планга чыгууда.
“Теория жана практикада руханий башкаруу жана интеграция” башкы темасы менен чогулган форумга 40тан ашуун өлкөдөн өкүлдөр катышууда.
Форумдун ачылыш сөзүндө Батыштын биримдик түзүү менен өздөрүн сактап калганына карабастан Ислам аймактарында бөлүнүү сунушталып жатканы баса белгиленди.
Улуттук түрк окуучулар биримдигинин башчысы Исмаил Эмрах Карайел, форумдагы сөзүндө, “Ислам дүйнөсүнүн балким ичинде турган маселелерден эң чоңу биримдик болушу мүмкүн. Тынымсыз кичирейүү, бөлүнүү, ажыроо боюнча чабуулга туш болуудабыз”,-деди.
Түрк-Азия стратегиялык изилдөөлөр борборунун (TASAM) башкы катчылыгында өткөрүлгөн форумда аял жана жаштар жыйналышы да өтүүдө.
2 күнгө созула турган форумда “Орток баалуулуктар жана айырмачылыктар”, “Заманбап коомдук, саясий жана экономикалык шарттарга жараша руханий же саясий лидерлик куруу боюнча мүмкүнчүлүктөр” сыяктуу темалар каралат.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718865646)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718865646)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.