Эйфель мунарасынын жарыгы Ооганстан үчүн өчүрүлдү

Париждин мэри Анна Идальгонун буйругу менен жарыктары түн ортосунда өчүрүлгөн мунара караңгы түнгө жамынды.

898820
Эйфель мунарасынын жарыгы Ооганстан үчүн өчүрүлдү

Франциянын борбор шаары Париждин символу болгон Эйфель мунарасынын жарыгы Ооганстандын борбор шаары Кабулда кечээ бомба жүктөлгөн унаа менен болгон кол салууда каза тапкандарды эскерүү үчүн өчүрүлдү.

Париждин мэри Анна Идальгонун буйругу менен жарыктары түн ортосунда өчүрүлгөн мунара караңгы түнгө жамынды.

Анна Идальго өзүнө таандык социалдык медиа барагынан кол салуу тууралуу, «Париж шаары жана париждиктер дагы бир жолу варвар террористтердин кол салуусуна дуушар болгон ооган калкын колдойт»,деген маалыматты бөлүштү.

Мунаранын жарыктары мындан мурда да бир топ өлкөдө террордук кол салуулардын себебинен өмүрүнөн ажырагандардын эскерилиши үчүн өчүрүлгөн.

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда бомба жүктөлгөн тез жардам унаасы менен болгон кол салууда 95 киши каза тапкан, 158 киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар