Сарыкамыш шейиттеринин элесине жасалып жаткан кардан айкелдер бүткөрүлдү

Айкелдерди жасоо үчүн 100 жук машинага жүктөлгөн кар колдонулду.

882566
Сарыкамыш шейиттеринин элесине жасалып жаткан кардан айкелдер бүткөрүлдү

 

Сарыкамыш кыймылынын 103 -  жылын эскерүү иш чараларынын негизинде аскер айкелдерин жасоо үчүн 100 жүк ташуучу машинага жүктөлгөн кар колдонулду.

Карстын Сарыкамыш районунда 5 – 7-  декабрда өткөрүлө турган эскерүү программасында көргөзмөгө чыга турган айкелдер үчүн Жыбылтепе муз борборунун мейманканалар аймагына 100 жүк ташуучу машина менен кар алып келинди.

Айкелдер Кавказ, Ататүрк, Ибрахим Чечен, Байбурт жана Муш Алпарслан университеттеринен бир группа мугалимдин бир жумага созулган  эмгеги менен бүткөрүлдү.

Кавказ университетинин техникалык илимдер боюнча кесиптик жогорку окуу жайынын мугалими, скульптор  Мухаммет Ханифи Зенгин журналисттерге берген маалыматында кардан жасалган айкелдер үчүн жыл сайын ар башка темалардын иштелгендигин айтты. Зенгин : «Бул жылы Мехметчиктердин Сарыкамыш тоолорундагы жүрүшүн бир аз да кыял күчүбүз менен жасадык. Бул жер Сарыкамыш бул жерде аба – ырайынын кандай болору белгисиз.   -  5тен  - 17 градуска чейин түшкөн аба шарттарында иштедик. Шейиттерибизге болгон карызыбызда аз да болсо төлөгөнгө аракет кылдык. Аларды дагы бир жолу эскердик жана Алла мындай согуштарды көрсөтпөсүн»,- деди.



Тектеш кабарлар