ТРТнын Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасы башталды

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан быйыл 5-уюштурулган «Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасы» башталды. Программага Кыргызстандан да ММК өкүлдөрү катышууда.

861781
ТРТнын Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасы башталды

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан быйыл 5-уюштурулган «Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасы» (UMEP), 70 өлкөдөн 162 медиа кызматкеринин катышуусу менен башталды.

ТРТнын Түркиянын берүү тажрыйбасын дүйнө жүзү менен бөлүшүү максатында Антальяда уюштурган Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасынын бешинчисинин ачылыш аземине ТРТнын башкы директорунун орун басары Эркан Дурду, Анадолу агенттигинин башкы директорунун орун басары Мустафа Өзкая, Антальянын журналисттер жамаатынын төрагасы Мевлүт Йени менен көп сандаган медиа мекемелеринен өкүлдөр катышты.

Телекөрсөтүү жана радио берүүлөрү, кабар программалары жана жаңы медиа тармагында билим берүүлөр, диспуттар, кеңешүүлөр жана даректүү тасмалар көрсөтүлүшү орун ала турган программада, түрк тилдүү мамлекеттер, Азия, Европа, Африка, Латын Америкасы өлкөлөрү жана Кавказиядан келген мамлекеттик жана жеке менчик медиа өкүлдөрү орун алышты.

ТРТнын тажрыйбалуу адис штаты менен катар өз тармагында адистешкен жеке менчик медиа кызматкерлери жана медиа кесипкөйлөрү катышкан программа, Тышкы иштер министрлиги, Маданият жана туризм министрлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы, Анадолу агенттиги менен Басма сөз, берүү жана маалымат башкы директорлугунун салымдары менен ишке ашууда.

ТРТнын башкы директорунун орун басары Дурду, ачылышта сүйлөгөн сөзүндө программада орток баалуулуктардын айланасында түзүлгөн жаңы берүү көз карашынын негиздери түптөлүшүн тиледи.

Жашалса боло турган дүйнөнүн кантип калыптана турганы тууралуу орток баалууктарды өндүрүүнү, бул баалуулуктардын айланасында жаңы байланыш желелери жана жаңы берүү перспективаларын өнүктүрүүнү максаттагандарын түшүндүргөн Дурду: «Түркия акыркы жылдарда адамзаттын келечегинин атынан аймактык жана глобалдык жаатта бир топ пайдалуу демилгелерге жол башчылык кылды, кылуусун да улантууда»,-деди.

Түркия карапайым калктардын үнүн дүйнөлүк коомдук пикирге угузганын, тагдыры менен бетме-бет калтырылган карапайымдарга достук колун сунганын баяндаган Дурду, ТРТнын да бул процессте чек аралардан ары өтүп берүү технологиясына жаңы бир өңүттү алып келгенин айтты.

ТРТнын акыркы жылдарда дүйнөнүн эң мыкты мамлекеттик берүүлөрдөн бири болуусун камсыздай турган ийгиликтүү кадамдарды таштаганын баса белгилеген Дурду, билим берүү программасынын темасы болгон таасирдүү мазмундун, медианын келечегин белгилеген негизги элементтерден бирине айланганын айтты.

«Дүйнөнүн тагдырын 5 өлкөнүн колуна тапышырып койгон тартиптин катарында орун алабызбы? Бозгун балдар каралбай жана белгисиз келечекке кабылышына көз жуумп коебузбу? Же болбосо адамды жана абийирди борборго алган дүйнө үчүн күрөшөбүзбү?» деген Дурду, ар бир медиа мүчөсүнүн ошол эле учурда өлкөсүнүн маданият элчиси экенин айтты.

Ачылыш сөз сүйлөөлөрүнөн кийин даректүү тасма көрсөтүлдү.

Программа 14-декбарга чейин уланат.



Тектеш кабарлар