Будапештте түрк пианисттен концерт

Концертке көп сандаган киши катышты

857348
Будапештте түрк пианисттен концерт

Венгриянын борбор шаары Будапештте аутизм менен ооруган пианино өнөрпозу Берил Зорлу концерт берди.

Юнус Эмре институтунда өткөрүлгөн «Музыка жана тоскоолдуксуз сапарым» аттуу концертке Түркиянын Будапешттеги элчиси Шакир Факыллы менен көп сандаган киши катышты.

Концертте Зорлуну Измир аутизм оркестри жана хору коштоп турду.

Зорлу концертинде түрк музыкасынын тандамал ырлары менен катар классикалык батыш музыкасына таандык чыгармаларга орун берди.

Берил Зорлу өткөн жылы Канаданын Ванкувер шаарында өткөрүлгөн «Дүйнөлүк аутизм фестивалында» сыйлык алган болчу.



Тектеш кабарлар