Беларуста «Түрк маданият күндөрү» өтүп жатат

«Түрк маданият күндөрүнүн» расмий ачылышы болду

857414
Беларуста «Түрк маданият күндөрү» өтүп жатат

Беларуста «Түрк маданият күндөрү» башталды.

Түркия менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгынан улам борбор шаар Минскте Түркияга таандык ар түрдүү маданий жана көркөм-өнөр иш-чаралары өткөрүлө турган «Түрк маданият күндөрүнүн» расмий ачылышы болду.

Беларустун мамлекеттик филармония оркестринин чоң залында өткөрүлгөн ачылыш аземине, Беларустун маданият министри Юрий Бондар, маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Йайман, Түркиянын Минсктеги элчиси Кезбан Нилвана Дарама менен көп сандаган киши катышты.

Йайман ачылыштагы сөз сүйлөөсүндө Беларустун 25 жыл мурда көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкөнүн Түркия экенин эске салып: «Маданияттын, көркөм-өнөрдүн тили бирдей болот. Маданият жана көркөм-өнөр тармагындагы байланыш менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык алакалар сөзсүз бекемделиши керек»,-деп айтты.

Бондар болсо Беларусь менен Түркиянын маданий тармактагы эки тараптуу аракеттеринин динамикалуу түрдө өнүккөнүнө көңүл буруп: «Эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштар акыркы жылдарда абдан өнүктү. Барган сайын бул салт күчтөнүүдө жана жаңы маданий долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түзүүдө. Бул улуттук маданият күндөрү Беларусь менен түрк элинин бири-бирин дагы көп таануусуна мүмкүнчүлүк түзгөн маанилүү жана чоң иш-чара болуп саналат»,-деди.

Беларустун Молодечно шаарында улана турган Түрк маданият күндөрү 30-ноябрда аяктайт.



Тектеш кабарлар