Богазичи фильм фестивалында сыйлыктар тапшырылды

Улуттук узун метражда мыкты режиссер сыйлыгы «İşe yarar bir şey» филими менен Пелин Эсмерге тапшырылды.

855652
Богазичи фильм фестивалында сыйлыктар тапшырылды

Стамбулда өткөрүлгөн Эл аралык Богазичи фильм фестивалында сыйлыктар ээлерине тапшырылды. Бул жылы бешинчиси өткөрүлгөн жана Түркия телекөрсөтүү жана радио мекемеси ТРТнин да кошкон салымы менен Эл аралык Богазичи фильм фестивалы аяктады. Фестивалдын жабылуу кечеси жана сыйлык тапшыруу аземи Жемал Решит Рей концерт залында өткөрүлдү.

Улуттук узун метраждуу фильм сыйлыгын Андач Хазнедароглу режиссерлугун аткарган «Misafir» филими алды. Улуттук узун метражда мыкты режиссер сыйлыгы «İşe yarar bir şey» филими менен Пелин Эсмерге тапшырылды.

Эл аралык узун метраждуу сыйлыгына болсо Парвиз Шахбази режиссерлугун аткарган "Malaria" филими ылайык көрүлдү. Мыкты  эл аралык даректүү фильм сыйлыгы «Büyük dedeге» берилип, мыкты улуттук даректүү фильм сыйлыгын «Menderesin kıyısında» алды. Фестивалда 39 өлкөдөн 43 узун жана 64 кыска метраждуу фильм болуу менен жалпы 107 фильм кино сүйүүчүлөр менен жолугушту.



Тектеш кабарлар