Бейонс эң көп киреше тапкан аял ырчы

Америкалык ырчы Бейонс 2016 -  жылы 1 -  июндан, 2017 -  жылдын 1 -  июнуна чейин 105 миллион доллар киреше тапкан.

852073
Бейонс эң көп киреше тапкан аял ырчы

Америкалык ырчы Бейонс музыка дүйнөсүнүн эң көп киреше тапкан ырчысы болду. Американын иш дүйнөсү журналы «Форбестен» берилген маалыматта 2016 -  жылы 1 -  июндан, 2017 -  жылдын 1 -  июнуна чейин салыктардын тышында 105 миллион доллар киреше тапкан Бейонстун бул мезгилде музыка дүйнөсүнүн эң көп киреше тапкан аял ырчысы болгондугу белгиленди. Маалыматта 2016 -  жылы апрель айында "Lemonade" аттуу альбому менен музыка сүйүүчүлөрүнөн жана сынчылардан мыкты баа алган Бейонстун "Formation World Tour" аттуу дүйнөлүк гастролунун да 250 миллион долларлык киреше тапкандыгына орун берилди. Бул мезгилде англис ырчы Аделенин 69 миллион доллар менен дүйнөнүн эң көп киреше тапкан экинчи аял ырчысы болгондугу билдирилген маалыматта америкалык ырчы Тейлор Свифттин 44 миллион доллар менен үчүнчү орунду алгандыгы билдирилди. Маалыматта ошол эле мезгилде америкалык ырчылардан Селин Диондун 42 миллион доллар менен төртүнчү, Женнифер Лопестин да 38 миллион доллар менен бешинчи орунда экендиги билдирилди.

Дүйнөгө белгилүү ырчылардан Мадонна, Леди Гага, Селена Гомес жана Ариана Гранде болсо бул мезгилде  аял ырчылардын арасында биринчи онго кире алган жок.

 



Тектеш кабарлар