Нобель адабият сыйлыгынын ээси англис жазуучу Казуо Ишигуро

«Күндөн калгандар» аттуу романдын жазуучусу Ишигуро 1,1 миллон доллар сыйлыктын да ээси болду.

821169
Нобель адабият сыйлыгынын ээси англис жазуучу Казуо Ишигуро

2017  Нобель адабият сыйлыгынын ээси япон тектүү англис жазуучу Казуо Ишигуро болду. Азыр да Англияда жашаган Ишигуро романдарын  англис тилинде жазат.

«Күндөн калгандар» аттуу романдын жазуучусу Ишигуро 1,1 миллон доллар сыйлыктын да ээси болду. Ишигуронун 1989 -  жылдагы «Күндөн калгандар» романы кино катары да тартылып жана негизги ролду Антони Хопкинс аткарган.

8 китеп жазган Ишигуронун кино жана сериалдар үчүн сценарийлери да бар. Декабрь айында бериле турган Нобель сыйлыктары швециялык илимпоз жана өнөр жайчы Альфред Нобелдин керээзи боюнча 1901 – жылдан бери берилүүдө.



Тектеш кабарлар