ТРТ менен КТРКнын ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү

Тиешелүү документке, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков менен ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен кол койду.

817198
ТРТ менен КТРКнын ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү

Түркия Республикасынын Радио-телеберүү мекемеси ТРТ менен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы КТРКнын ортосундагы кызматташтык келишими жаңыланды. Тиешелүү документке, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков менен ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен кол койду.

 Түркия Республикасынын Радио-телеберүү мекемеси ТРТ менен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы КТРКнын ортосундагы кызматташтыкты жаңылоо боюнча келишимге, Анкарада кол коюлду. ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен жана КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кол койгон келишимге ылайык, радоиберүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтык мындан ары улантыла турган болду. 

ТРТ  менен КТРК, телеберүү тармагында дагы тыгыз кызматташа турган болду. тараптар ортосунда ТРТ Аваз каналында көрсөтүлгөн кыргыз тилиндеги жаңылыктардын түрмөгүн, жаңы мезгилде КТРКдан көрсөтө баштоо туралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Илим Карыпбеков, орун басары Кайрат Иманалиев жана тышкы байланыштар боюнча жооптуу кызматкери Роза Таштаналиева болуп ТРТнын Чет өлкөгө берүүлөр департаментине келишти. Бул жерде бөлүмдүн башчысы Сүйлейман Эрдал менен баарлашып, ТРТнын музейин кыдырып, андан соң Ататүрктүн мавзолейине зыярат кылып кайтып кетишти.

Маалымдай кетчү нерсе, ТРТ менен КТРКнын ортосундагы кызматташуу келишиминин алгачкысына, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү өз колуна алгандан көп өтпөй 1992-жылы кол коюлган.

 

 



Тектеш кабарлар