Гераклдын табыты Түркияда

Гераклдын табыты Түркияга алып келинди

806886
Гераклдын табыты Түркияда

Гераклдын табыты эми Түркияда...

Болжол менен 50 жыл мурда чет өлкөгө уурдалып кеткен Гераклдын табыты Маданият жана туризм министрлигинин аракеттеринин негизинде Түркияга алып келинди.

Антальянын Айсу районундагы байыркы Перге шаарындагы мыйзамсыз казууларда табылган жана чет өлкөгө алынып кеткен Гераклдын табыты, министрликтин жооптуу кызматкерлери тарабынан Женевада өткөрүп алынды.

Женева университетинде да көргөзмөгө коюлган табыт, кечээ Цюрихтен Түрк аба жолдорунун жүк ташуучу учагы менен Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортуна алып келинди.

Атайын кутуда сакталган Гераклдын табыты учак менен Антальяга алып барылат жана Анталья музейинде көрсөтүлөт.   


Этикеткалар: #Гераклдын , #Антальяга

Тектеш кабарлар