Улуттук космонавттар даярдалат

Бурсада космостук билим берүү борбору курулууда

795919
Улуттук космонавттар даярдалат

Космос жаатында дүйнөдөгү алдыңкы 5 борбордун бири боло турган «Гөкмен» космостук билим берүү борборунун пайдубалы Бурсада түптөлдү.

Вице-премьер Фикри Ышык да катышкан азем менен ачылган борбордо улуттук космонавттар даярдалат.

Бул борбор 13 миң чарчы метрдик жабык аянтка курулат. Ичинде космостук жана авиация тармагында билим берүү максатында механизм жана көргөзмөлөр орун ала турган CUHEM борборуна 125 миллион лира сарпталат.

Аземде сөз сүйлөгөн Фикри Ышык бул борбордун курулуусу жайштардын илимге, технологияга, космоско болгон кызыгуусун ойготуу жагынан маанилүү экенин белгилеп: «Балким 20 жылдан кийин «Түркиянын авиацияда эң мыкты шаар кайсынысы» десеңиздер мен Бурса деймин»,-деп айтты.

Түрксат6Аны 2020-жылы космоско учурууну максаттагандарын да белгилеген Ышык, спутниктин космос жана байланыш иштеринде колдонула турганын билдирди.


Этикеткалар: #космостук , #спутниктин

Тектеш кабарлар