Моенадагы салттык Түрк фестивалы аяктады
«Түрк району» деп да аталган Моенада 300 жылдан ашуун убакыттан бери Түрк фестивалы өткөрүлөт.
![Моенадагы салттык Түрк фестивалы аяктады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d1ee/310c/a842/599a8c0093bfb.jpg?time=1718936426)
Италиядагы салттык Түрк фестивалы соңуна чыкты.
«Түрк району» деп да аталган Моенада 300 жылдан ашуун убакыттан бери уланган Түрк фестивалынын жабылышында эбру чеберлери райондун тургундарына эбру искусствосун үйрөтүштү.
Европадагы Түрк демократтар биримдигинин Италия кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлгөн фестивалдын акыркы күнүндө Мехтеран тобу өз чыгармасын тартуулады.
Германиянын Штутгарт шаарынан келген элдик бийчилер тобу да өз бийлери менен фестивалды шаңга бөлөдү.
Уламышка караганда йеничери «Балабан Хасандын» 2-Вена курчоосунан кийин, Алп тоолоррунун уландысы болгон Манзоринин этектериндеги Моена районуна жайгашып, өзүн ал райондун калына жактыра алган жана жашоосун ал жерде улантканынан улам райондо жыл сайын Түрк фестивалы өткүрүлүп турат.
Моеналыктар расмий түрдө жыл сайын август айында өткөргөн фестивалда Түрк маданиятын тартуулашат.
Түркия да расмий түрдө жана бейөкмөт уюмдары аркылуу фестивалга катышып, Моеналыктарга Түрк маданиятын таанытууга салым кошот.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718936426)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.