Түркиянын окумуштуулары биринчи жолу жаңы планетаны ачышты

Анкара жана Эгей университеттеринде илим изилдеген үч илимпоз менен бир докторантура окуучусу тарабынан ачылган планета, күн системасына 212 жарык жылы аралыгында орун алган.

789326
Түркиянын окумуштуулары биринчи жолу жаңы планетаны ачышты

Анкара университетинин табигый- так илимдер факультетинин астрономия жана космос илимдери бөлүмүнүн окутуучусу доцент, доктор Месут Йылмаз, 1,5 метрдик күзгү диаметрине ээ болгон түрк-орус телескобу жана Жапониянын Окаямадагы Астрофизика байкоочу станциясы менен  кызматташтыктын алкагында өтө кылдат байкоолорду жүргүзгөндөрүн белгилешти.

Аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында айрым өзгөрүүлөрдүн болгонун айткан Йылмаз, айрым өлчөмдөрдүн өзгөрүшү жаңы планетанын бар экенинин белгисин бергенин түшүнгөндөрүн айтты. “Изилдөөбүздүн жыйынтыгында Юпитерге окшош күн системасынын тышында бир планетаны таптык. Түрк окумуштуулары алгачкы ирет бир планета ачышты. Буга сыймыктанып, сүйүнүп турабыз.”

10 жылга созулган изилдөө иштеринен соң аныкталган жаңы планета туурасында окумуштуулардын жазган макаласы “Astronomy&Astrophysics" журналында жарыяланды. Ага ылайык Юпитерден 1,5 эсе чоңдуктагы  планетада жандуулардын жашоосу мүмкүн эмес.

 

 



Тектеш кабарлар