Орусия Түркия менен биргелешип тасма тартат

Орусиянын “Газпром- медиа” компаниясы, орусиядагы “Биринчи канал” үчүн  Түркиядан сериалга буйрутма берди.

786225
Орусия Түркия менен биргелешип тасма тартат

Түрк сериалдары Орусияда ийгилик жараткандыгынан улам орус өндүрүштүк компанияларын түрк медиа компаниялары менен кызматташууга түртүүдө.

Орус “Газпром-медиа” жана түрк “Maya Productions” компаниясынын “Биринчи канал” үчүн тарта турган “Жүрөгүмдүн султаны” аттуу сериал эмитеден эле акыркы жылдардагы орус базарындагы эң кымбат эл аралык теледолбоор катары саналууда.

“Газпром-медиа” компаниясынын алдында түзүлгөн “KIT” кино студиясы жана “Maya Productionsтын” өкүлү    “Global Connection International Media Group”, “Биринчи канал” телеканалы  үчүн “Жүрөгүмдүн султаны” сериалынын тартылышы үчүн келишимге кол коюшту.

Түркиядагы кино студиялардын биринде тартыла турган сериалда түрк жана орус актерлору ойношмокчу. “Maya Productions” тарткан сериал түрк тилинде болуп, андан кийин орусчага которулмакчы.

Келишим боюнча 24 бөлүм болсо да, сериалдын ийгилигине жараша 4 сезон тартуу паландалууда.

“KIT” өндүрүш жетекчиси Александр Бондарев: “Аталган келишим,  бюджет жана бөлүм саны боюнча акыркы жылдардагы эң чоң эл аралык келишим”,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар