1800 жылдык коло калем табылды

Чанакелленин Айважык районуна караштуу Бехрамкале кыштагынын чек арасында жайгашкан Ассос байыркы шаарында болжол менен 1800 жыл мурунку коло калем табылды.

784012
1800 жылдык коло калем табылды

Байыркы доордун эң маанилүү кеме токтоочу жайындагы шаарлардын бири болгон Ассос шаары, Рим доорунда анфитеатры, агора, некрапол жана чептери менен маанилүү маданий мурас жана баалуулуктарды камтыйт.

Чанаккаленин Он сегизинчи март университетинин так илимдер-адабият факультетинин археология бөлүмүнүн жана Ассос байыркы шаарчасынын казуу делегациясынын башчысы профессор, доктор Нуреттин Арслан, 2017-жылкы казуу иштери шаардын батыш эшигинин чөйрөсүндөгү аймактар менен “хан” деп аталган түзүлүштөгү казуулар менен улантылып жатканын белгиледи.

Арслан, буга чейинки казуу иштеринде маанилүү табылгалар чыкканын баса белгилеп: “Быйылкы археологиялык казуу иштеринде “stylus” деп аталган  1800 жылдык коло калем табылды. Калемдин бир тарабы учтуу, бир тарабы бираз дагы жалпак. Булар ошол убактагы бал шамы таблеткалардын үстүнө жазуу жана эсептөө үчүн колдонулган калемдер. Буларга “stylus”дейбиз. Калемдин арткы тарабындагы жалпак жерин түзөтүү үчүн колдонушкан. Тагыраагы, учурда колдонулган өчүргүчтүн ордуна колдонулган”, -деп айтты.

Арслан, калемдин ошол учурда аймакта жашаган сабаты барлардын жана окуучулардын колдонгондорун да белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар