Түркияны кыдырган Түштүк Кореядан келген жигит...

Йозгаттык досунун үйлөнүү үлпөтү үчүн Түркияга келген Йонгги Сонг, автостоп менен Измир, Мармарис, Фетхие, Денизли жана Анкараны кыдырды.

779701
Түркияны кыдырган Түштүк Кореядан келген жигит...

Түштүк кореялык бир жаш улан автостоп менен Түркияны кыдырууда.

Йозгаттык досунун үйлөнүү үлпөтү үчүн Түркияга келген Йонгги Сонг, автостоп менен Измир, Мармарис, Фетхие, Денизли жана Анкараны кыдырды.

Йозгаттан 2006-жылы дөнер устасы катары барган Түштүк Кореяда 1,5 жыл иштеген Сайыл Йылдыз, 28 жаштагы Йонгги Сонг менен дос боло баштаган.

Сонг 2010-жылы Йозгатка келип бир ай Йылдыздын үйүндө конок болгон.

Сайыл Йылдыз телефон жана социалдык бөлүшүү баракчалары аркылуу сүйлөшүүлөрүн уланткан досун бул ирет үйлөнүү тоюна чакырды.

Ушул боюнча жол тарткан Сонг, сапарын Түркия саякатына айланткан. Түрк тамактарын жана адамдарын абдан жактырганын айткан Сонг, Түркиянын абдан коопсуз өлкө экендигин айтат.

 

 



Тектеш кабарлар