21 жаштагы Эмирхан Эрдоган APPLEдин конференциясына катышты
Бахчешехир университетинин студенти Эмирхан Эрдоган, акыркы эки жыл катары менен “APPLE” компаниясы уюштурган World Wide Developers Conference (WWDC) иш-чарасына катышкан жалгыз түрк студент.
![21 жаштагы Эмирхан Эрдоган APPLEдин конференциясына катышты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1bdc/d63f/248b/596f484971c98.jpg?time=1718754252)
Компьютердик инженерия факультетинин 3-курсунун студенти Эмирхан өткөн жылдагыдай бул жылы дагы көптөгөн стипендианттардын арасынан тандалган. Ал “APPLE” башкаруу кеңешинин башчысы Тим Кук менен эл аралык басма сөз жыйынына катышууга мүмкүнчүлүк алган 13 студенттин ичиндеги жалгыз түрк уулу.
Тандоо турунда чүчүкулак кармоодон кийин чыгымдары каржыланып барууга мүмкүнчүлүк тапкан, ошондой эле жасаган долбоорлору менен катышууга мүмкүндүк алган студенттер 2 категорияда кабыл алынган. “АPPLE” WWDC конференциясына бул жылы жеке долбоорлору менен төрт миң студент кайрылган.
Ошондой эле Google компаниясы дүйнөлүк деңгээлде уюштурган жыл сайын Startup (жеке бизнес) колдоо программасы менен “Google Launchpad” багыттоочу катары тандалган 50 кишинин арасындагы эң жаш ысым да Эмирхан Эрдоган болду.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718754252)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718754252)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.