Иорданияда түрк кино кечеси
Амманда «Түрк кино кечеси» түрк режиссер Семир Асланйүректин «Лал» аттуу киносу менен башталды.
![Иорданияда түрк кино кечеси](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3f2a/8ac8/f60e/595cdf7211af1.jpg?time=1718878878)
Иорданиянын борбор шаары Амманда үч күнгө созула турган «Түрк кино кечеси» түрк режиссер Семир Асланйүректин «Лал» аттуу киносу менен башталды.
Абдулхамид Шуман фонду тарабынан уюштурулган жана Түркиянын Амман элчиси Мурат Карагөз да катышкан «Түрк кино кечесинин» ачылышы Асланйүректин Йылмаз Гүнейге арнаган «Лал» аттуу киносунун көрсөтүлүшү менен өттү.
Асланйүрек кинолорунун көрсөтүлүшү үчүн Шуман фондунун чакыруусу менен Амманга баргандыгын айтты. Аммандагы түрк кино кечесинин үч күнгө созуларын белгилеген Асланйүрек программанын негизинде туулган жери Антакияда тартылган «Жети короо» менен «Шеллале» аттуу кинолорунун көрсөтүлөрүн айтты.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718878878)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718878878)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.