Катар калкынын Эрдогандын портреттерине кызыгуусу

Борбор шаар Дохада дээрлик бардык унаалардын терезелеринде Эрдоган менен Ал Санинин портреттерин көрүүгө болот.

751177
Катар калкынын Эрдогандын портреттерине кызыгуусу

Катар калкы президент Режеп Таййип Эрдоган менен эмир шейх Тамим бин Хамад Ал Санинин портреттерин жанаштыра машиналарына илип алып өлкөлөрүнө карай багытталган курчоого алуу аракетине каршылык көрсөтүшүүдө.

Борбор шаар Дохада дээрлик бардык унаалардын терезелеринде бул портреттерди көрүүгө болот. Өтө көп кызыгуудан улам басмаканалар толук кандуу иштеп эки лидердин портреттерине болгон талапты камсыздоого аракет кылууда.

Бул портреттер социалдык медиада да абдан көп бөлүшүлүп жатат. Катардык сүрөтчү Ахмед бин Мажид да президент Режеп Таййип Эрдогандын портретин тартып жаткандагы видеосун социалдык медиа тармагынан бөлүштү.

«Катар калкынан түрк калкына белек» деген аталыш менен бөлүшүлгөн жана миңдеген жактырууга ээ болгон видеодо Эрдогандын өз үнү менен «Коркпо, тартынба, капа болбо, көңүлүңдү чөгөрбө, Аллах биз менен» түрүндөгү сөздөрүнө орун берген.



Тектеш кабарлар