«Зайтун бутагы» аттуу хор тобу музыка аркылуу дүйнө жүзүн тынчтыкка чакырууда

Хор тобу 40 кишиден куралган

728134
«Зайтун бутагы» аттуу хор тобу музыка аркылуу дүйнө жүзүн тынчтыкка чакырууда

Хатайда үч чоң дин, ар башка диний агым жана кесиптеги адамдардан турган «Зайтун бутагы» аттуу хор тобу музыка аркылуу дүйнө жүзүнө тынчтык билдирүүлөрүн айтат.

Хатайдын Алтынөзү районунда түзүлгөн ар башка дин, диний агым жана кесиптеги адамдардан турган 40 кишилик хор тобу, Түркия менен катар ар кайсы өлкөлөрдө да концерттерди берип, адам баласын тынчтыкка чакырууну каалап жатат.

Жумасына эки күн даярдык көрүп жаткан хор тобу репертуарында түркчө, арабча жана башка тилдердеги ырларга да орун берүүдө.

Ырлары аркылуу адамдарды тынчтыкка чакырган хор тобу өлкөнүн ичинен жана чет өлкөдөн келе турган концерт сунуштарын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар