ТРТнын даректүү тасма күндөрү башталууда

ТРТнын Эл аралык Даректүү тасма сыйлыктары толкундантууда.

727429
ТРТнын даректүү тасма күндөрү башталууда

ТРТ, дүйнөнүн туш тарабынан келген даректүү тасмачыларды Стамбулда жолугуштурууга даярданууда.

Быйыл тогузунчусу өткөрүлүп жаткан ТРТнын Эл аралык Даректүү тасма сыйлыктары толкундантууда. Иш-чара 11-майда башталат.

ТРТнын Даректүү тасма сыйлыктарынын алкагында ар башка аймактардан ар башка аңгемелер түшүндүрүлгөн кинолор төрт күн бою көрсөтүлөт.

Иш-чаранын алкагында диспуттар, баяндоолор менен катар концерттер да коюлат.

ТРТнын Жеңил музыка жана жаз оркестри да иш-чаранын алкагында концерт кое баштады. Ачык асман астындагы концерттер чоң кызыгуу жаратууда. Оркестр 8,9 жана 10-майда Бешикташ, Кадыкөй жана Таксимде жаз сүйүүчүлөрүнө чыгармаларын тартуулайт.

Чоң толкундануу болсо 15-майда башталат...

ТРТнын Даректүү тасма сыйлыктары Жемал Решит Рей концерт залында өткөрүлө турган азем менен ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар