Стамбулда Жаштык фестивалы башталды

Йеникапы аянты кечээ Стамбул Жаштык фестивалына сахна болду.

726171
Стамбулда Жаштык фестивалы башталды

Салттык спорттордун чагылдырылышы максатында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан экинчи ирет уюштурулган Этноспорт маданияты фестивалы менен Стамбул жаштык фестивалынын таанытуу жыйналышы өттү.

Йеникапы аянтында кечээ башталган жана 7-майга дейре улана турган Стамбул Жаштык фестивалында «Ок жаадан учууда» урааны менен 11-14-май күндөрүндө өткөрүлө турган Этноспорт маданият фестивалынын басма сөз жыйналышы өткөрүлдү.

Жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч, Этноспорт маданият фестивалынын жаштардын бул жерлердин баалуулуктары менен таанышуусу жана анын азиз эскермесин сактап калуулары үчүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүк болгонун айтты.

Этноспорт маданият фестивалынын алгачкысын өткөн жылы уюштургандарын эске салган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган болсо: «Өткөн жылдагы фестивалыбыз чоң кызыгууну тапкан эле. Үч күндүн ичинде 150 миңден ашуун атуулубуз келип көрүштү. Быйылкы уюштурууну Йеникапынын Иш-чара аянтында уюштурабыз. Өткөн жылга салыштырмалуу дагы көп катышуу болушун күтүүдөбүз»,-деди.

Стамбул Жаштык фестивалында 6 искусство тармагынын көргөзмөсү да коюлат. Этноспорт Маданият фестивалы 11 улуттук спорт тармагынын мелдештерине сахна болот.

Быйыл майлуу күрөштөрдө 300дөн ашуун балбан күч сынашат. Бардык тармактарда бардыгы 843 спортчу жарышат. Атчандардын шоу көрсөтүүсү болот. Өрөөндө маданий иш-чаралардын чатырлары курулат. 26 улуттук балдар оюндары таанытылат. Темир усталарынын шоу көрсөтүүсү болот. 28 кол өнөрчүлүк таантылат. Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКАнын Түрк айылы тууралуу эмгектери көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар