Ирандагы фестивалга 6 түрк фильми катышат
Фестиваль 28-апрелде аяктайт
Иранда 21-апрелде өтө турган 35- Фажр киновестивалына Түркиядан 6 фильм катышат.
Фестивалдын «Эл аралык жарыш» бөлүмүндө толук метраждуу кинотасма номинациясында Кыванч Сезердин «Атамдын канаттары» аттуу киносу, кыска метраждуу фильм номинациясында болсо Абдулгафур Шахиндин «Сүйгөндүктөн» аттуу киносу орун алат.
Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ортосундагы «Чыгыш панорамасы» бөлүмүндө болсо режиссер жана сценарист Зеки Демиркубуздун «Рауф» менен кыска метраждуу фильми «Түштүк уюлу» жарышат.
Жарыштан тышкары экология темалуу кинолор көрсөтүлө турган «Жашыл экран» бөлүмүндө «Каландар суугу», «Аймактык тасмаларда» болсо «Мышык» аттууу фильм көрүүчүлөргө тартууланат.
Фестиваль 28-апрелде аяктайт.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.