Түрк сериалдары дүйнөдө экинчи орунда

Түрк сериал тармагы ылдам өнүгүүдө

706599
Түрк сериалдары дүйнөдө экинчи орунда

Акыркы 10 жылдын ичинде ылдым өскөн түрк сериал тармагы чет өлкөдө кызыгуу жаратууда.

АКШда variety.comдо жарыяланган макалада, түрк сериалдарынын дүйнө жүзүндөгү популярдуулугун коргогону, Түркиянын сериал экспортунда АКШдан кийин экинчи орунда турганы билдирилди.

Макалада өзгөчө Латын Америка өлкөлөрүндө кызыгуу жараткан түрк серилдарынын бул өлкөлөрдө эң көп көрүлгөн 15 программанын арасына киргени белгиленди.

Бул программалардын 4үн түрк сериалдары түзгөнү сөз кылынган макалада, Түркиянын сериал экспортунун да 350 миллион долларга жеткенине көңүл бурулду.

Түрк сериалдарын экспорттоочулар, 2023-жылы 750 миллион доллардык экспортко кол коюуну максаттап жатышат.

Жакынкы Чыгыш, Балкан өлкөлөрү жана Чыгыш Европа, Түндүк Африка, Түштүк Америка жана Борбордук Азия түрк сериал экспортунда эң чоң рыноктор болсо да учурда дээрлик дүйнөнүн бардык жеринде көрүлүүдө.

5 жыл мурда 50гө жакын өлкөгө экспорт кылынса учурда 142 өлкөгө берилүүдө.

Акыркы мезгилде чет өлкөгө эң көп сатылган сериалдардын башында болсо «Мекеним сенсиң», «Күмүш» жана «Өмүрдүн ыры» аттуу сериалдар турат.



Тектеш кабарлар