Гвинеяда Султан 2 - Абдүлхамид хан мечити ачылды

Конакриде Махмут Устаосманоглунун атынан курулуп жаткан комплекстин ичиндеги медресе жана 2 -  Абдүлхамид хан мечити азем менен ыбадатка ачылды

676938
Гвинеяда Султан 2 -  Абдүлхамид хан мечити ачылды

Адамга баа берген коомдор федерациясы тарабынан Гвинеянын борбор шаары Конакриде Махмут Устаосманоглунун атынан курулуп жаткан комплекстин ичиндеги медресе жана 2 -  Абдүлхамид хан мечити азем менен ыбадатка ачылды.

Адамга баа берген коомдор федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Шевкет Устаосманоглу менен Түркиядан 180 кишилик делегация катышкан аземге Гвинея калкы абдан чоң кызыгуу көрсөттү.

Кураан Керим менен башталган аземде гвинеялык балдар Кураан окуп, диний ырларды ырдашты. Шевкет Устаосманоглу башта болуу менен делегациянын алдыңкы катышуучулары да аземде катышуучуларга салам беришти.

Конакриде 21 миң метр квадраттык аянтка курулган комплекс бул аянтта өлкөнүн эң чоң комплекси болду. Комплекстын  негизги бөлүмүн 2 -  Абдүлхамит хан мечити түзүүдө. Сары куполу Иерусалимдеги Месжид  -  и Аксанын архитектурасына окшотулуу менен курулду. 2 -  Абдүлхамит хан мечитинде 7 миң киши намаз окуй алат.



Тектеш кабарлар