ТРТнын Даректүү тасма сыйлыктарына кызыгуу артууда

ТРТ, 9 жылдан бери улуттук жана эл аралык деңгээлде даректүү тасмаларды колдоосун улантууда.

670073
ТРТнын Даректүү тасма сыйлыктарына кызыгуу артууда

ТРТнын Даректүү тасма сыйлыктары үчүн быйыл 78 өлкөдөн 665 кайрылуу болду.

ТРТ, 9 жылдан бери улуттук жана эл аралык деңгээлде даректүү тасмаларды колдоосун улантууда.

Студенттик, профессионалдык жана эл аралык номинацияларда берилген ТРТнын даректүү тасма сыйлыктарына кызыгуу жыл өткөн сайын эселенип өсүүдө.

Өткөн жылы ТРТнын даректүү тасма сыйлыктары үчүн 47 өлкөдөн 427 кайрылуу болду. 2017-жылы бул сан 665ке жетти.

Бул уюштурууга быйыл Доминикан Республикасынан тартып Орусияга чейин, Канададан Японияга чейин 78 өлкөдөн даректүү тасмалар кайрылууларын жолдошту.

Даректүү тасмалар тууралуу алдын ала тандоонун жыйынтыктары 27-февраль дүйшөмбү күнү жарыяланат.

Финалга калган тасмалар 11-14-май күндөрүнүн арасында Стамбулда көрүүчүлөргө тартууланат.

ТРТнын даректүү тасма сыйлыктары 15-майдын кечинде боло турган азем менен ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар