Нобель сыйлыгынын ээси илимпоз Мэнсфилд көз жумду

Питер Мэнсфилд МРга биринич кирген киши катары да таанылат

669435
Нобель сыйлыгынын ээси илимпоз Мэнсфилд көз жумду

МР аппаратын ойлоп табууда кошкон салымынан улам 2003 -  жылы «Нобель  медициналык сыйлыгын» алган Мэнсфилддин  өлүмү үй бүлөсү тарабынан билдирилди.

«Нобель медицина сыйлыгынын» ээси англис физик Питер Мэнсфилд 83 жашында  каза болду. Үй бүлөсү Мэнсфилддин өткөн шаршемби күнү каза болгондугун билдирди, бирок белгилүү илимпоздун өлүм себеби билдирилген жок.

Лондондо туулган Питер Мэнсфилд менен америкалык химик Паул Лотербур МР аппаратынын табылышында кошкон салымынан улам 2003 -  жылы "Нобель медициналык сыйлыгына» ылайык көрүлдү.

Мэнсфилд 1978-  жылы  дененин бардык жагын текшерген МРга кирген биринчи киши катары да билинет. Нобель сыйлыгынын ээси физик Мэнсфилд 1993 -  жылы Англиянын ханышасы Экинчи Элизабет тарабынан рыцарлык ордени менен сыйланган.

 



Тектеш кабарлар