Бүгүн Мугалимдер күнү
24-ноябрь Мугалимдер күнү
![Бүгүн Мугалимдер күнү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f7cb/d4f4/f994/5835a0da494f5.png?time=1719131715)
Бүгүн дагы бир жолу Мугалимдер күнүн белгилеп жатабыз. Коомчулугубуздун билим алуусунда чоң милдеттерди аткарган мугалимдерибиздин бул бактылуу күнүндө аларды куттуктайбыз. Гүлдөгөн келечектин курулушу мугалимдердин берилип, сүйүп окута турган жаштардын алган билимдерин өлкөгө жумшоосу менен болот. Бул дүйнөдө мугалимдер гана башкалардын балдарына мээримин төгүп, аларга жылуу мамиле кыла алышат. Аларды ушул ыйык милдеттеринде жалгыз калтырбай турганыбызды, келечектин курулушунда аларга муктаж экендигибизди дагы бир жолу эскертебиз. Аларга болгон чексиз урмат-сыйыбызды дагы бир жолу билдирүү менен майрамыңыздар куттуу болсун дейбиз!
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719131715)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.