Стамбулда китеп жарманкеси аяктады

Жарманкеге 621 миң киши келди

614718
Стамбулда китеп жарманкеси аяктады

ТҮЙАП тарабынан Түркия басмаканалар биримдигинин кызматташтыгы менен өткөрүлгөн 35 -  Эл аралык Стамбул китеп жарманкеси жана ТҮЙАП тарабынан өткөрүлгөн АРТИСТ 26 -  Эл аралык Стамбул көркөм өнөр жарманкесине келген конок санында өткөн жылга караганда 11, 3 пайызга өсүү болуп, 621 миң киши менен рекордго жетти.

Бул жылы 800 басмакана жана жарандык коом мекемелери менен 12 -  ноябрда ачылган жарманкеде маектешүүлөр, паннель, ыр уктуруу жана балдар иш чаралары менен бирге 300 иш чара өткөрүлдү.

Негизги темасы «Философия жана адам» болгон жарманкеде балдар тууралуу «Билим алуу укугу», «Айырмачылыктар», «Сын менен окуу жана ойлонуу» деген темаларда семинарлар болуп өттү.

Германия конок өлкө болгон Стамбул китеп жарманкесине Германиядан 30 басмакана катышып, 40ка жакын иш чара өткөрүлдү.

Бул жылы 26 -  өткөрүлгөн АРТИСТ эл аралык Стамбул көркөм өнөр жарманкесинин 7 -  залында да 25 галлерея менен бирге «Ойго келбеген жерлер» аттуу кенен көргөзмө өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар