Google котормочу түрк тили менен катар 9 тилде ойлонуп которот

Сундар Пичаи, түрк тили да орун алган 9 тилде сөзмө сөз котормонун ордуна күнүмдүк сүйлөшүүгө эң жакын котормо баштаткандарын жарыялады.

613606
Google котормочу түрк тили менен катар 9 тилде ойлонуп которот

 Google котормочу (Translate) түрк тили менен катар 9 тилде ойлонуп которот.

Англиянын борбор шаары Лондондо Neural Machine Translation аттуу программаны тааныткан Googleдун жогорку рангадагы башкаруучуларынан Сундар Пичаи, түрк тили да орун алган 9 тилде сөзмө сөз котормонун ордуна күнүмдүк сүйлөшүүгө эң жакын котормо баштаткандарын жарыялады.

Пичаи: «Neural Machine Translation системасы, бардык сүйлөмдөрдү бир бирден которуунун ордуна бир жолу которуп бул кеңири мазмунга эң жакын котормону табыш үчүн ылайыктуу грамматика менен адамдын сөз сүйлөөсүнө окшош түрдө кайрадан тууралап чыгат. Ушундайча ар бир сүйлөмдү түшүнүү дагы оңой болгондуктан которулган параграфтар жана макалалардын окулушу абдан оңой абалга келет»,-деди.

Жаңы системанын эми котормону адабият котомосу сыяктуу кыла турганын айткан Пичаи: «Жазуучу Хорхе Луис Борхестин бир сүйлөмү англис тилине кадыресе кандай которулса ошондой которулат»,-деп айтты.

Neural Machine Translationду англис, испан, немис, француз, португал, кытай, япон, корей жана түрк тилдери болуп 9 тилде активдүү абалга келтиргендерин да белгилеген Пичаи: «Бул тилдердин бардыгы тең дүйнөлүк калктын санынын үчтөн биринин негизги тилдери болуп  Google котормочусу талаптарынын 35 пайызынан ашыгын камтууда»,-деп айтты.

Neural Machine Translation программасын 103 тилге жеткирүүнү максаттагандарын белгилеген Google жетекчиси, чоң адам кыймылдуулугу болуп жатканда Google котормочунун мигранттардын ишине абдан жарай турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар