Боб Дилан кайда? Ал кыргызбы?

Нобель сыйлыктары 10-декабарда Швециянын Стокгольм шаарында боло турган азем менен ээлерине тапшырылат.

592301
Боб Дилан кайда? Ал кыргызбы?

2016-жыл үчүн адабият боюнча  Нобель сыйлыгына ээ болгон Боб Диландан дайын жок...

1 миллион доллардык сыйлыкка ээ болгону жарыялангандан кийин көп күн өтсө да Дилан, Нобель сыйлыгы комитети менен байланыш курган жок.

Комитет Боб Диланга сыйлыгын жарыялагандан бери ага жете албагандарын жана эми телефон чалуудан баш тарткандарын жарыялады.

Нобель сыйлыктары 10-декабарда Швециянын Стокгольм шаарында боло турган азем менен ээлерине тапшырылат.

Ал эми Диландын аземге катышып катышпай турганын белгисиз...

20 жылдан бери адабият боюнча  Нобель сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөн Боб Дилан, Нобель академиясына эле эмес коомдук пиикирге да маалымат бербестен сыр бойдон калууда...Чебердин бул мамилеси айрымдарына караганда атактуу жоопкерчиликсиздиктин жана өжөрлүктүн белгиси, айрымдарына караганда өз жолунда, өз ыкмасында жүрүү өжөрдөнүүсүнүн жыйынтыгы.

Дүйнө тарыхына 68дер катары өткөн ал убактын үнү болгон 75 жашындагы Боб Дилан, искусствонун дээрлик бардык тармактарында сан жеткис сыйлыкка ылайык көрүлдү.

Атактуу ырчы автобиографиясында түрк тектүү экенин, аталарынын Стамбулдан Кагызманга, ал жерден да Трабзон жана Одессага көчкөнүн түшүндүргөн. Боб Диландын фамилиясы Кыргыз экени айтылат.

Өспүрүм кезинде Ричи Валенстин «In a Turkish Town» аттуу чыгармасын дайыма ырдап жүргөнүн жазган Боб Дилан: «Апамдын Нелли деген түрк досу бар эле. Биздин үйгө тез-тез келип турчу. Мен дагы ошол жылдарда, «La Bamba» аттуу ырын ар ким билген Ричи Валенстин сырдуу түрктөрдү жана асмандагы жылдыздарды түшүндүргөн «In a Turkish Town» аттуу чыгармасын ырдачымын»,- деди.

Китепте: «Чоң энем оор турмушту башынан өткөргөн. Түштүк Орусиянын порт шаары болгон Одессадан Америкага келишиптир. Ал жерге да Түркиянын Карадеңиз аймагынын порт шаары болгон Трабзондон көчүшүптүр. Чоң энемдин үй-бүлөсү негизи чакан кыштак болгон Кагызманлылыктардан болушат (Карс). Фамилиялары кыргызча экен. Чоң энемдин аталары Стамбулдан ушул аймакка келишиптир. Чоң атамдын үй-бүлөсү да ушул эле аймактан болот. Териден бут кийим тигүү иштери менен алектенишчү экен» дегени да орун алууда.



Тектеш кабарлар