"Каландардын суугу" Америкада боло турган фестивалда жарышат

Режиссерлугун Мустафа Кара аткарган «Каландар суугу» аттуу кино Америкада өткөрүлгөн Азия дүйнөсүнүн кино фестивалында жарышат

589164
"Каландардын суугу" Америкада боло турган фестивалда жарышат

Режиссерлугун Мустафа Кара аткарган «Каландар суугу» аттуу кино Америкада өткөрүлгөн Азия дүйнөсүнүн кино фестивалында жарышат.

Оскарга жана Golden Globeге талапкер катары көрсөтүлгөн кинолор да орун алган Азия дүйнөсүнүн кино фестивалы 24 -  октябрда башталат. Азия кинолору менен Голливудду жолугуштурууну максат кылган фестиваль Лос Анжелесте кино сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Япония, Орусия жана Индия да араларында болгон 50 өлкөнүн кинолорун көрсөтө турган фестиваль 1 -  ноябрда аяктайт. Америкада өтө турган 89 -  академиялык сыйлыктарында «Эң мыкты чет элдик кино» тармагында Түркиянын атынан катыша турган «Каландар суугу» киносунун продюссерлигин Нермин Айтекин аткарды.

Катышкан улуттук эана эл аралык фестивалдарда бир топ сыйлык алган Мустафа Каранын Билал Серт менен сценарийин жазган кино адам менен табияттын ортосундагы карым – катнашты арткы  фондго алуу менен жеке күрөштү тема кылып алган.



Тектеш кабарлар