Мухаммед пайгамбарыбыздын жашоосу

«Азирети Мухаммед: Аллахтын элчиси» аттуу фильм түркчө дубляж менен көрсөтүлөт.

582355
Мухаммед пайгамбарыбыздын жашоосу

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин балалык жана жаштык чагы менен Исламдын жаралышын түшүндүргөн «Азирети Мухаммед: Аллахтын элчиси» аттуу фильм 28-октябарда көрсөтүлө баштайт.

Ирандык режиссер Межид Межиди өзү сценарийин жазган жана тарткан фильм кино залдарда көрсөтүүлөөр алдында түркчө үн коштолгон трейлери жарыяланды.

Кинодо Пайгамбарыбыз Мухаммеддин төрөлгөнүнөн 12 жашка чейинки жашоосу жана ошол жылдарда Меккеде болгон окуялар башкача көз караш менен чагылдырылган.

«Чакырык» аттуу фильмден кийин жашоого жана адамдарга болгон көз карашы менен Ислам дүйнөсүнө жарык чачышы күтүлгөн бул кино 2015-жылы тартылып бүткөн.

Кинотасма түркчө дубляж менен кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар