Голливуд жылдызы Стамбулда
Ал Стамбулга сапарынын бир бөлүгүн сириялык баш калкалоочуларга бөлдү
Атактуу Голливуд жылдызы Линдсей Лохан Стамбулдун Султанбейли районундагы сириялык баш калкалоочулар менен жолугушуп, аларга белектерди берди.
Стамбулга сапарынын бир бөлүгүн сириялык баш калкалоочуларга бөлгөн Лоханды Түркиянын Жаштар жана спорт министринин орун басары Абдурахим Бойнукалын коштоп жүрдү.
Лохан Султанбейли муниципалитетинин карамагында кызмат көрсөткөн жана жалгыз гана сириялык дарыгерлер баш калкалоочуларды караган Медициналык борборду да кыдырды.
Белгилүү жылдыздын баш калкалоочулар менен жолугушуусун инстаграм жана твиттер аркылуу бөлүшүп, «Дүйнө жүзү бештен чоң» ураанына да орун бериши көңүлдөрдү бурду.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.