Суу астында тарых саякаты

Урладагы Лимантепе казууларында Карантина аралынын тегерегинде  Рим шаарына таандык калдыктар табылды

576313
Суу астында тарых саякаты

Дүйнөнүн эң негизги 10 суу астындагы казууларынын арасында көрсөтүлгөн Измир Урладагы Лимантепе казууларында Карантина аралынын тегерегинде  Рим шаарына таандык калдыктар табылды.

Урладагы Лимантепе  суу астындагы казууларда аныкталган жана келерки жылы казуулары баштала турган Рим шаары тарыхка кызыккандар үчүн кызыктуу тажрыйбаларды  алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Деңизде курула турган археопаркты каалаган зыяратчылар чумкуу менен же дем алуучу трубка жана масканын жардамы менен суу астындагы шаарды сүзүү менен кыдыра алышат.

Дүйнөнүн негизги 10 суу астындагы казуусунун арасында көрсөтүлгөн Лимантепе казуулары тууралуу маалымат берген казуунун төрагасы профессор доктор Хаят Эрканал биздин заманга чейинки 7 миңинчи жылдан Рим мезгилине чейин отурукташуу жери болгон Лимантепенин 6 миң 500 жылга жакын отурукташуу жери болгон аймактагы казууларда түрдүү катмарларда тарыхтын ар башка мезгилдерине байланыштуу чыгарма жана табылгаларга кездешкендерин айтты.

Жол ачуу үчүн абадан тартылган фотографиялардагы кызыктуу фигуралардан улам жасалган иликтөөлөр менен ортого чыгарылган Лимантепеде 2000 – жылдан бери суу астындагы казуу жасалгандыгын, ошол эле учурда аймактын Түркиянын биринчи суу астындагы казуу борбору болгондугун айткан Эрканал казуулардын Карантина аралы менен Урла жээгинин арасында 2 миң 500 жыл мурда чөгүү менен деңиз астына чөккөн бөлүктөрдө жүргүзлгөндүгүн айтты.

Ушул күнгө чейин байыркы порттун алкагында жасалган казуулардан көп сандаган чыгармаларды  чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкендерин, бул жылкы казууларда болсо андан мурда бар экендигин болжошкон Рим шаарына таандык табылгаларды ортого чыгарышкандарын белгилеген Эрканал : «Эки порту болгон бул Рим шаарынын ойлогондон дагы чоң борбор болгондугун аныктадык. Бул биз үчүн толкундантуучу болду. Казууларды келерки жылы баштайбыз. Көптөгөн табылгаларды аныктадык. Чоң өлчөмдө чыгармаларды чыгарарыбызды ойлоп жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар