Эл аралык Стамбул ыр жана адабият фестивалы

«9- Эл аралык Стамбул ыр жана адабият фестивалы» 28 -сентябрда Стамбулда башталат

574411
Эл аралык Стамбул ыр жана адабият фестивалы

Дүйнөгө белгилүү адабиятчылар Стамбулда жолугуша турган «9- Эл аралык Стамбул ыр жана адабият фестивалы» 28 -сентябрда Стамбулда башталат.

Бул жылыыр менен бирге аңгеме, роман жана балдар адабиятын да ичине камтыган фестивалда Шекспрдин өлүмүнүн 400 – жылы жана түрк ойчулу Жемил Меричтин туулгандыгынын 100 -жылынан улам түрдүү иш чаралар өткөрүлөт.

Англия, Португалия, Испания, Франция, Италия, Словения, Австрия, Германия, Польша, Швеция, Венгрия, Босния – Герцеговина, Ливан, Марокко, Сирия, Кытай, Аргентина, Мексика жана Австралиядан дүйнөгө белгилүү адабиятчылар катыша турган фестивалда Түркиядан да көп сандаган жазуучу жана акындар орун алат.

Түркияда «Эртеңдин махабаты» китеби менен таанылган француз ойчул Эрик Садин жана заманбап словен адабиятынын жана Европанын эң маанилүү жазуучуларынан болуп саналган «2011Европа адабият сыйлыгынын» ээси Драго Жанкар, Батышта осмондуктар тууралуу жазган тарыхый романдары менен таанылган англис жазуучусу Жасон Гудвин, «Дүйнөлүк ыр кыймылынын» куруучуларынан австралиялык Филлип Хаммиал да фестивалга катыша турган ысымдардын арасында.

Премьер – министрликтин таанытуу фонду Бейоглу мэрдиги Стамбул муниципалитетининспонсорлугу менен уюштурулган фестивалдын Пера Палас, Ахмет Хамди Танпынар китепканасы, Йеребатан суу сактагычы, Гүлхане паркы, Эмирган жоогазын музейи, Караңгы иштер, Мода сахнасы, Миноа китеп үйү, Турабибаба китепканасы жана ыр жолу кемесинде 28 – сентябрь, 2 -октябрь күндөрү өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар