Дүйнөдөгү эң бийик айнек көпүрө жабылды

Айнектен жасалган көпүрөгө 3,4 миллион доллар сарпталган

564630
Дүйнөдөгү эң бийик айнек көпүрө жабылды

Кытайда айнектен жасалган дүйнөнүн эң бийик жана эң узун көпүрөсү, ачылгандан 13 күн өткөндөн кийин жабылды.

Жооптуу кызматкерлер аймакта шашылыш оңдоо иштери жүргүзүлө турганын айтып, бирок көпүрөнүн качан ачылаары жөнүндө маалымат беришкен жок.

Хунань провинциясында "Аватар" киносу тартылган Аватар тоолорундагы эки тоонун боорун бириктирип турган көпүрөгө 3,4 миллион доллар сарпталган эле.

Кытайлык жооптуу кызматкерлер, көпүрөнүү көрүү үчүн күнүгө сегиз миң кишиге уруксат берилээрин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар