Лара Фабиандан Түркияга колдоо

Лара Фабиан 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан улам социалдык медиа эсебинен Түркияга колдоо берди

555409
Лара Фабиандан Түркияга колдоо

EXPO 2016 Антальяда концерт бере турган бельгиялык ырчы Лара Фабиан Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан улам социалдык медиа эсебинен Түркияга колдоо берди. "Je T'aime" аттуу ыры менен таанылган Фабиан социалдык медиа эсептеринде EXPO 2016 Анталья концерттик афишасынын астында «Анталья... Түркия, бул концертке кирүү акысыз, бул улуу элдин жаралуу рухун айыктыруу үчүн аз да болсо кошкон салымым болсун. Анталья шаарына жана EXPO 2016 Анталья жетекчилерине буга мүмкүнчүлүк бергени үчүн рахмат айтам»,- деп жазып жүрөктүн сүрөтүн жайгаштырган.

9 -  сентябрь жума күнү концерт бере турган ырчы Сир Элтон Жон да EXPO 2016 Анталья агенттигине жиберген катында ФЕТӨнүн козголоң кыймылынын демократия жана эркиндик чөйрөсүн бузуу үчүн жасалгандыгын жана мунун Түркиядагы кооздуктарга көлөкө түшүрбөй тургандыгын айткан болчу.



Тектеш кабарлар