Жамала Стамбулга келди

Жамала Стамбулга келгени үчүн өзүн бактылуу сезгенин сөз кылып,тосуп алгандарга ырахмат айтты.

551619
Жамала Стамбулга келди

Евровидение ыр сынагында «1944» аттуу ыры менен биринчиликти алган крымдык татар ыр чебери Жамала, 17-августта концерт кое турган Стамбулга келди.

Украинанын борбор калаасы Киевден «Ататүрк» аэропортуна барган Жамаланы Крым түрктөрүнүн маданият жана колдошуу коомунун мүчөлөрү менен күйөрман жактыруучулары тосуп алышты.

Жамала өзүн тоскону келгендер менен фотосүрөткө түштү.

Жамала Стамбулга келгени үчүн өзүн бактылуу сезгенин сөз кылып,тосуп алгандарга ырахмат айтты.

Түркияны абдан жактырганын, Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлда төңкөрүш аракетин кылганына абдан капа болгонун айтып: «Шейиттердин жаткан жерү жайлуу болсун!»-деди.

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо быйыл 16-өткөрүлгөн Евровидение ыр сынагында Крым татар сүргүнү жана чоң энеси көргөн кордукту тема кылып алган «1944» аттуу ыры менен крымдык татар ыр чебери Жамала, Украинаны өкүлдүк кылган. Сынактын финалында Жамала 534 балл топтоп биринчиликти алган.



Тектеш кабарлар