Түркиянын демократиясын даңазалайбыз...

Эл аралык жүк ташуучулар бирикмесинин карамагындагы 65 миң жүк ташуучу машина чет өлкөлөргө “Түркияда демократия жеңишке жетти” деген билдирүүнү жазып алып чыгышат.

540506
Түркиянын демократиясын даңазалайбыз...

Эларалык жүк ташуучулар бирикмесинин карамагындагы 65 миң жүк ташуучу машина чет өлкөлөргө “Түркияда демократия жеңишке жетти” деген билдирүүнү жазып алып чыгышат.

Алар Азия жана Европага барчу сапарларында англис тилинде “Түркияда демократия жеңишке жетти” деген жазууларды унааларына жазып алып чыгышмакчы.

Чет өлкөгө жылына 500 жолу чыгып келген бул жүк ташуучу машиналар менен Түркияда демократиянын азыркы учурда да кубаттуу болгондугун билдирмекчи.

Долбоор боюнча “Фатих Султан Мехмет” көпүрөсүндө билдирген Эл аралык жүк ташуучулар бирикмесинин аткаруу кеңешинин жетекчиси Фатих Шенер: “15-июль күнү өлкөбүздүн демократиясына, улуттук эркине кол салуу болду. Ага каршы жооп берүү менен түрк эли өз тарыхын жазды. Дүйнөдөгү демократиянын тарыхына кирчү эрдик жасадык. Бирок соңку убактарда, айрыкча эл аралык коомчулукта буга байланыштуу туура эмес пикирлер айтылып, баа берилип жатат. Эл аралык жүк ташуучулар бирикмебиздин Европаны кыдырган 65 миң жүк ташуучу машинасы бар. Жылына 500 миң жолу сапарга чыгат. Ал машиналарга англис тилинде “Түркияда демократия жеңишке жетти” деп жазып, коомчулукка билдиргибиз келди. Демократиябыз 14-июлдагы абалына караганда алда канча кубаттуу. Экономикабыз 15-июлдан мурда кандай болсо, ошондой калыбында туруктуу болуп келет,” – деди.

Шенер сөзүн аяктаган соң  “Түркияда демократия жеңишке жетти” деген жазуусу бар 3 жүк ташуучу машина Европаны көздөй сапар алды.



Тектеш кабарлар