Түркия дагы бир аалымынан ажырады

Дүйнөгө таанымал тарыхчы, профессор Халил Иналжык 100 жашында дүйнө салды.

537452
Түркия дагы бир аалымынан ажырады

Дүйнөгө таанымал тарыхчы, профессор Халил Иналжык 100 жашында дүйнө салды.

1916-жылы 26-майда Стамбулда төрөлгөн Халил Иналжык, теги Крым татарларынан болот.

1936-жылы Анкара университетинин тил, тарых жана георграфия факультетинин жаңы доор тарыхы бөлүмүндө жогорку билимин ала баштайт. 1942-жылы “Танзимат жана болгар маселеси” аттуу докторлук диссертациясын жактады.

Көп жылдар бою бир эле факультетте Осмон жана Европа тарыхы боюнча сабактарды өткөн соң 1972-жылы Чикаго университетинин тарых бөлүмүнө “Осмон тарыхы боюнча университет профессору” катары чакырылды.

1993-жылы Түркияга кайткан Халил Иналжык Билкент университетинде окутуучу катары убак-убагы менен мастер жана докторантура окуучуларына семинарларды берип жатты.

Иналжык абдан жакшы деңгээлде Осмон түркчөсүн, жакшы деңгээлде англис, француз, немис, орто деңгээлде араб, фарс жана итальян тилдерин билчү.

Иналжык, Кембридж эл аралык биография борбору тарабынан дүйнөдөгү коомдук илимдер тармагында саналуу 2000 илимпоздун арасында көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар