Түрк премьеринин ЮНЕСКОго кайрылуусу

Бинали Йылдырым, жыйналыштын ачылыш аземине жиберген билдирүүсүндө ЮНЕСКОго абдан чоң милдет жана абдан чоң жоопкерчиликтер берилгенин белгиледи.

527017
Түрк премьеринин ЮНЕСКОго кайрылуусу

Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас комитетинин 40-жыйналышы Стамбулда өтүүдө.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, жыйналыштын ачылыш аземине жиберген билдирүүсүндө ЮНЕСКОго абдан чоң милдет жана абдан чоң жоопкерчиликтер берилгенин белгилеп кетти.

Кылымдар бою цивилизациялардын бешиги болгон, эки материктин ортосунда дүйнө шаары болгон Стамбулдун ачык асман астындагы музей экенин айткан Йылдырым, ЮНЕСКОнун 40-комитет жыйналышынын бул жерде өткөрүлүшүнүн чоң мааниси болгонун айтты.

Йылдырым, ЮНЕСКО курулган күндөн бери дүйнөлүк маданият мурасын коргош үчүн чоң иш-аракет кылганына карабастан дагы деле максатталган жерге жеткенин айтуу мүмкүн эместигин белгилеп, мындай кайрылды: «Бир тараптан дүйнөнүн ар кайсы жеринде уланып жаткан согуштар, цивилизациялардын бизге калтырган бул тарыхый, табигый жана маданий баалуктарын бир-бирден жок кылууда, экинчи тараптан бул цивилизация жана өнүгүү үчүн өткөнүбүздөн калган чыгармаларды өз колубуз менен жок кылышыбызды улантуудабыз. Мына бул жерде ЮНЕСКОго абдан чоң милдет, чоң жоопкерчиликтер берилет. Эл аралык жамаат ЮНЕСКОнун алкагында жасала турган иштерге дагы көп салым кошуусу керек жана өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген мурастарды келечек муундарга жеткирүү темасында дагы көп жоопкерчиликти милдеттениши зарыл. Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерге чоң милдеттер берилет. Стамбулда өтүп жаткан бул комитет жыйналышында ЮНЕСКОнун келечек жылдардагы ролу жана тарыхый, табигый, маданий баалуулуктарды коргоого карай чыгара турган токтомдорунун өлкөбүз жана бүткүл дүйнө жүзү үчүн абдан маанилүү экенин ойлоодомун. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм».



Тектеш кабарлар