«Хейди» жаңыланган 3D версиясы менен ТРТда...

Мультфилм «Хейди» жаңыланган 3D версиясы менен  "TRT Çocuk" (ТРТ-Бала) экрандарында көрсөтүлө баштады.

513629
«Хейди» жаңыланган 3D версиясы менен ТРТда...
heidi TRT ÇOCUK1.jpg

Бүткүл дүйнөдө миллиондогон көрүүчүсү болгон мультфилм «Хейди» жаңыланган 3D версиясы менен  "TRT Çocuk" (ТРТ-Бала) экрандарында саат 18:00де көрсөтүлө баштады. Жай бою ушундай уланат.

Бир убактын балдары болгон учурдун ата-энелери жакшы билишкен сүйкүмдүү жана билим берүүчү мүнөзү болгон Хейдини, эми жаңыланган вериясында балдары менен чогуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Өлкөбүздө ТРТ тарабынан 70-жылдардын акырында түзсүз жана 80-жылдарда түстүү көрсөтүлө баштаган Хейди, ал убактын балдарын экрандарга чогулткан.

Швейцариялык жазуучу Йоханна Спиринин ушундай эле аталыштагы чыгармасынан экрандаштырылган «Хейди», бир топ өлкөдө ар башка тилдерде көрсөтүлдү жана балдардын дагы эле эң жактырып окуган классикалык китептеринин арасында орун алды.

Алп тоолорунда атасы менен жашаган кичине кыз Хейдинин башынан өткөргөн бир топ саякатты тема кылып алып, балдарды кичине нерселер менен үмүтүн жандырууга үйрөткөн жана күнүмдүк турмушта туш болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгуунун жолдорун түшүндүргөн сериал, дүйнө тарыхынын эң көп окулган жана көрүлгөн балдардын аңгемелеринин башында турат.



Тектеш кабарлар