Римде түрк кинотасмаларынын фестивалы өтөт

Түрк кинофестивалынын быйылкы ардак сыйлыгы кимге ыйгарылат?

510479
Римде түрк кинотасмаларынын фестивалы өтөт

Римде бешинчиси өтө турган түрк кинофестивалынын быйылкы ардак сыйлыгы атактуу актер Шенер Шенге ыйгарылат.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Рим элчилигинин кызматташтыгында боло турган түрк кинолорунун фестивалы быйыл 30-июндан 3-июлга чейин Римдин белгилүү Вилла Боргезе бакчаларынын ичиндеги Casa Del кино залында өтөт.

Режиссер Ферзан Өзпетектин жетекчилигиндеги фестивалдын быйылкы ардак сыйлыгы, түрк киносунун мыкты оюнчусу Шенер Шенге берилет. Ошондой эле режиссерлугун Явуз Тургул милдеттенген, башкы ролдорун Шенер Шен жана Угур Йүжел ойногон «Мухсин мырза» аттуу кинотасма да итальян кино сүйүүчүлөрүнө тартууланат.



Тектеш кабарлар